Телеграмдын ээси сот органдары менен кызматташа баштады

Автор

Telegram тармагынын ээси Павел Дуров кармалгандан кийин белгиленген шарттарды сактап, Франциянын сот органдары менен кызматташа баштады. Бул тууралуу Париждин прокурору Лор Беко билдирди.
Анын айтымында, Дуровго каршы тергөө француз бийликтеринин суроо-талаптарына анын реакциясына байланыштуу жүргүзүлүүдө. Мессенжердин башчысы Париж тараптан келген кайрылууларды этибарга албай койгон.
Беко ишкердин полиция кызматына жумасына эки жолу катталып, соттук көзөмөлдүн бардык шарттарын сактап жатканын тастыктады.
Павел Дуров 24-августта Париж аэропортунда кармалган.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон «Дуров иши» саясатка тиешеси жок экенин белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

"Бишкексууканал" ишканасы контролерлорду жумушка чакырат

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасынын абоненттик кызматына контролерлор керек. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Иш шарттары: – график: 8:00дөн 17:00гө чейин; – иш тажрыйбасы талап кылынбайт; – жогорку билим талап кылынбайт. “Бардык суроолор боюнча Бишкек шаары, 10-кичи район, №35 имарат жана төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар: 0312 56 19 95”, – деп айтылат маалыматта. […]

Сизге жагышы мүмкүн