Телеграмдын ээси камакка алынгандан кийинки биринчи билдирүүсүн жарыялады

Автор

Павел Дуров Telegram тармагында Францияда кармалышы боюнча билдирүү жарыялады. Ал Франция бийлигинин суроолорун “таң калыштуу” деп атады. Ошондой эле терроризм менен күрөшүү үчүн Telegram менен Париждин ортосунда линия түзүүгө жеке өзү көмөктөшкөнүн баса белгиледи.
“Кээ бир ММКлардын Telegram кандайдыр бир анархиялык жай экендиги тууралуу билдирүүлөрү таптакыр чындыкка дал келбейт. Күн сайын биз миллиондогон зыяндуу постторду жана каналдарды өчүрөбүз. Күн сайын ачык отчетторду жарыялап турабыз”,-деп жазды блогунда.
Дуров Telegram тармагын кылмышкерлердин кыянаттык менен пайдалануусун, мындай мүмкүнчүлүктү азайтууну максат кылып койгонун билдирди.
Павел Дуровду 24-августта Париждеги Ле-Бурже аэропортунда кармашкан.
,

Бөлүшүү:
Next Post

Брокколинин балдарга пайдалары

Брокколи ден соолукка пайдалуу жашылчалардын бири болуп саналат жана чырмоок гүлдөрүнүн үй-бүлөсүнө кирет (капуста, түстүү капуста жана Брюссель капусталары сыяктуу). Бул витаминдердин, минералдардын, антиоксиданттардын жана клетчаткалардын жогорку мазмуну үчүн бааланат. Брокколинин балдар үчүн абдан жакшы Брокколи өсүп жаткан балдар үчүн абдан маанилүү. Анын курамында A, C жана K витаминдери, ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн