АКШнын президенти Дональд Трамп “Carl’s Jr” тез татым тармагынын мурдагы башчысы Эндрю Пуцдерди АКШнын Европа Биримдигиндеги жаңы элчиси кызмат ордуна көрсөттү.
“Мен Эндрю Ф. Путцдер АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси болорун жарыялоого кубанычтамын. Энди – ийгиликтүү юрист, ишкер, экономикалык баяндамачы жана жазуучу. 17 жыл бою башкы директор болуп иштеп турганда Энди компанияны олуттуу финансылык кыйынчылыктардан чыгарып, өсүүсүнө шарт түзгөн. Энди бул маанилүү аймакта биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча өз ишин эң жакшы аткарат”,-деди Трамп.