Теги түрк экономист Нобел сыйлыгына арзыды

Автор

Швеция Королдугунун Илимдер Академиясы 2024-жылдагы экономисттер үчүн берилүүчү Нобель сыйлыгын теги түрк, Америкалык экономист Дарон Ажемуулуна, андан сырткары Симон Жонсон менен Жамес А. Робинсонго ыйгарды. Алар бул жогорку сыйлыкка дүйнө коомчулугунун эркиндигине байланышкан илимий ачылыштары үчүн арзышты.
“Адам укуктары тебеленген коом өнүгүүгүүгө карай жол алалбайт. Муну сыйлык ээлери ачылыштары аркылуу далилдеп беришти”,- деген билдирүүсүн таратты Нобел комитети.
Дарон Ажемуулу Нобел сыйлыгын алган теги түрк 3-адам. Мындан мурда медицина илими боюнча америкалык Азиз Санжар, адабият боюнча түркиялык жазуучу Орхан Памук Нобел сыйлыгына ээ болушкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Нетаньяху Байденге Иранга кол салуу пландарын айтты

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Ирандын өзөктүк же мунай объектилерин эмес, аскердик объектилерин соккуга алууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу The Washington Post жазды. Биньямин Нетаньяху сүйлөшүү учурунда жооп катары чабуул АКШда ноябрда өтө турган президенттик шайлоого таасир этпеши үчүн кылдаттык менен […]

Сизге жагышы мүмкүн