Тегеран Израилдин соккусунан ирандык генерал набыт болгонун билдирди

Автор

Иран бийлиги Израилдин Дамаскка абадан урган соккусунан Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку даражалуу мүчөсү, генерал Саид Реза Мусави набыт болгонун ырастады. Ирандын расмий “Tasnim” маалымат агенттиги Мусави Ислам революциясынын сакчылар корпусунун тажрыйбалуу аскердик кеңешчиси болгонун билдирди.
«Израилдин режими бул кылмыштын кунун сөзсүз төлөйт»,-деген билдирүү болгон.
Израил бийликтери Мусавинин өлүмү тууралуу маалыматка комментарий беришкен жок. Алар адатта Израилден тышкаркы операциялары тууралуу маалымат беришпейт. Анткен менен израилдик аскерлер Сириядагы Иран менен байланышы бар объектилерге көп жылдардан бери сокку урганы белгилүү. Израил менен ХАМАСтын ортосунда согуш башталгандан кийин мындай чабуулдар акыркы айларда тез-тез болуп калды.
Иран аскерлери Сирияда 2011-жылдан бери Башар Асаддын режимин колдошот. Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, Мусави Сириядагы эң жогорку даражалуу өкүлдөрдүн бири болгон жана Тегеран менен Дамасктын ортосундагы кызматташтыкты координациялоого жардам берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Ипотекалык үйдү ижарага берүүгө болбойт

“Шылуун айрым жарандар өздөрүнүн үйү туруп, мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алып, аны кайра, ижарага берип койгон учурлар кездешип жатат. Биз аларды текшеребиз жана үйдү кайра алып коёбуз”,- деди мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлү Жылдыз Бекбаева. Эгер компаниядан үй алган жаран сыртка иштегене кетсе, алынган үйдө анын бала, чакасы жашашы керек. Ижарага […]

Сизге жагышы мүмкүн