Америкалык “NBCUniversal” медиа компаниясынын жарнак сатуу бөлүмүнүн башчысы Линда Яккарино Твиттер социалдык тармагынын башкы директорлук кызматын ээлөө үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Буга чейин Твиттердин ээси Илон Маск компаниянын башкы директорлугунан кетүү чечимин жарыялап, ордуна кызматкер тапканын айтып, бирок атын атаган эмес. Маск өзү аткаруучу төрага жана техникалык директордун милдеттерин аткарат. Ишкер эмне себептен кеткенин айткан жок.