Tвиттер социалдык тармагы көк чымчыкты же оригиналдуу логотибин кайтарып койду. Азырынча компания эски логотиптин кайтарылышы боюнча комментарий бере элек.
Tвиттер социалдык тармагынын логотиби өзгөрүлгөнү тууралуу 4-апрелде маалымдалган. Илон Маск ишкананы 2022-жылдын октябрында сатып алып, аны адамзатка жардам берүү каалоосу менен түшүндүргөн. Ошондой эле цивилизация үчүн ар түрдүү пикирлерди талкуулай турган санариптик платформа болушун маанилүү деп эсептей турганын билдирген.