Таэквон-до ITF боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 7 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын таэквон-до ITF боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астанада (Казакстан) өткөн 22-Дүйнө чемпионатында 7 медаль жеңид: 1 күмүш, 6 коло жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департамети билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 19-26-август күндөрү өтүп, жалпы 68 өлкөдөн келген спортчулар катышкан.

Рамиз Дайстроков өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча күмүш медалга ээ болду (65 кг чейин);

Айназик Абдужаббирова өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча 3-орун (65 кг чейин);

Ардагерлер арасында Гүлзара Михманова спарринг боюнча 3-орун (62 кг чейин);

Элиза Шаршекеева өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча 3-орун (64 кг чейин);

Петренко Владислав өспүрүмдөр арасында спарринг боюнча жана юниорлор арасында жеке техникасы боюнча 3-орун (63 кг чейин);

Муслим Толкумбаев өспүрүмдөр арасында 69 кг салмакка чейинки спарринг боюнча 3-орун (69 кг чейин).

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 22 спортчу катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

5-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 5-сентябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24,   Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,   Ысык-Көлдө […]

Сизге жагышы мүмкүн