Таш-Көмүрдө жоголгон жаранды издөө иштери токтотулду

Автор

Сүттүү-Булак жайлоосунда изделип жаткан жарандын туугандарынын макулдугу менен издөө иштери токтотулуп, жерине тартылган куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда. Таң эрте издөө ишине 27 куткаруучу 1 дрон менен чыгышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Эске салсак, 15-декабрда Таш-Көмүр шаарынын 1978-жылы туулган тургуну Сүттүү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, тынымсыз изделип келген. ӨКМге кайрылганыбызда, дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери экенин тастыкташкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин түшүрүү керектигин айтты

2025-2026-жылдарга Кыргызстанда коррупциянын деңгээлин эң төмөн көрсөткүчкө, 5-10 пайызга чейин түшүрүү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдары Кыргызстанда коррупциянын деңгээли болжол менен 70-80 пайыз болсо, азыркы күндө 30-40 пайызга түшкөн. “Биздин аракеттерибиздин негизинде […]

You May Like