Таштанды менен коркутуу уланууда

Автор

Таштанды менен коркутуу уланууда
Корея Элдик Демократиялык Республикасы Түштүк Кореяга таштанды толтурулган шарларды учурганына жооп катары Сеул үн күчөткүчтөрдү иштетти. Бул Пхеньяндын нааразычылыгын жаратты.
Республиканын лидери Ким Чен Ындын карындашы, Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин бөлүмүнүн башчысынын орун басары Ким Е Чжон Сеулдун аракеттери тирешүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.
Анын пикиринде Пхеньян шарларды учуруп, “саясий чагымчылык” кылып жаткан жок. Болгону Сеулдун кооптуу аракеттерине жооп берип жатат. Түштүк Корея баракчаларды таркатууну жана үн күчөткүчтөр менен чагымчылыктарды улантса, жооп кайтарарын, болбосо ар күнү “макулатура чогултууга” туура келерин эскертти.
Сеулдун маалыматы боюнча 28-майдан бери КЭДР Түштүк Кореяга 1,6 миңге жакын таштанды толтурулган шарларды учурган. Алардын бир бөлүгү Сеулдун айланасына түшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүн, 10-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 2024-жылдын 29-юнунда саат 08:00дө аяктайт. Аталган округдар боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен экөө аял. Жалпысынан […]

Сизге жагышы мүмкүн