Таштандыны туура эмес төккөндөргө айып салынат

Автор

“Тазалык” муниципалдык ишканасы таштандыларды белгиленбеген жерге төккөндөр менен күрөшүү чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасы таштандыларды белгиленбеген жайларга ыргыткан же курулуш, тигүү жана башка таштандыларды таштаган жарандарды аныктоо үчүн таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл камераларын орното баштады.
«Келип түшкөн видеоматериалдар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, анын негизинде айып пул салынат», — деп жызылат маалыматта.
Мэрия белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык чаралар көрүлөөрүн эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Балыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылды.Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Балыкчы шаарынын автовокзалы мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Шаардык прокуратура мыйзамсыз менчиктештирип алган жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгартуу үчүн сотко доо арыз келтирип, кароонун жыйынтыгында сот органдары тарабынан жараксыз […]

Сизге жагышы мүмкүн