Ташкент-Москва: Өзбекстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюлду

Автор

Россия Өзбекстанда чакан атомдук электр станциясын курат. Бул боюнча келишимге 27-майда Ташкентте Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду. «Дүйнөнүн бардык алдыңкы өлкөлөрү өзөктүк энергетика аркылуу өздөрүнүн энергетикалык коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда. Өзбекстандын өнүгүүсүн ойлосок, бул долбоор биз үчүн өтө маанилүү»,-деди президент Шавкат Мирзиёев.
«Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачевдин айтымында, долбоор Жиззак аймагында 330 МВт станцияны же ар бири 55 МВт кубаттуулуктагы алты реактор курууну камтыйт. Кол коюлган документ жөн гана макулдашуу эмес, курулуш ушул жылдын жайында башталат.
Россиянын президентинин мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында Путин менен Мирзиёев мамлекет башчыларынын катышуусунда эки тараптуу маанилүү келишимдерге кол коюшту.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүнүйөнүн эң бийик 3 тоосу

Алардын үчүнчүсү, Канченжунга. Анын бийиктиги 8586 метр. Непал менен Индиянын ортосунда жайгашкан. Канченжунга жергиликтүүлөрдүн тилинде “ыйык тоо” деген маанини берет. Экинчи орунда К2 Годвин Остин тоосу турат. Ал 8611 метр бийиктикте жайгашып, Пакистан менен Кытайды ортосунан бөлүп турат. Бул тоого чыгуунун мүмкүнчүлүгү өтө аз жана өтө оор деп айтылат. 8848 […]

Сизге жагышы мүмкүн