Ташкентте Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борбору ачылды

Автор

Өзбекстанда Ош мамлекеттик Университетинин “Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты” борбору Ташкент шаарындагы Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты Университетинде ачылды.

Анын ачылышы ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жоон топ делегация Ташкент шаарына барганда ишке ашты. Ага аталган университеттин ректору Шухрат Сиражидинов жана мугалимдер, профессорлор катышышты. Борбордо кыргыз элинин тили, адабияты, тарыхы жана маданияты кеңири таанытылып, салт санаасы боюнча маалыматтар берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Реформа тиш дарыгерлерден башталды

Кыргызстанда тиш дарыгерлердин сьезди болуп өттү. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир айдан бери тиш дарыгерлерди реформалоо боюнча даярдыктар жүрүп жатканын айтып, Ошто 1, Жалал-Абадда 1 жана Бишкек шаарында 2 балдардын тишин дарылаган поликлиника ачылып жатканын билдирди. Ошондой эле Кыргызстанда 2 миңден ашуун жеке тиш дарылоо борборлору бар. Алардын 804 […]

Сизге жагышы мүмкүн