Ташкентте Султан Раевдин “Тандалган чыгармалар” китебинин бет ачары өттү

Автор

Ташкентте Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы, Кыргызстандын Эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Өзбекстан Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү Султан Раевдин “Тандалган чыгармалар” аттуу китебинин бет ачары өттү.
Иш-чаранын катышуучулары алгач Султан Раевдин өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө менен таанышышты. Андан кийин мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат, жана таланттуу жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылык ишмердүүлүгү, түрк өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон зор салымы тууралуу тасма көрсөтүлдү.
Өзбекстан Жазуучулар союзунун төрагасы, Өзбекстандын Эл акыны Сирожиддин Сайиддин айтымында, учурда түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда “Адабий достук — түбөлүк достук” урааны жогору деңгээлге көтөрүлдү.
“Соңку жылдары Чыңгыз Айтматов, Низамий Гянджавий, Махтумкули Фирогий жана башка көптөгөн түрк элдеринин жазуучу жана акындарынын чыгармаларын жайылтууга, алардын туулган күндөрүн белгилөөгө чоң маани берилип жатат. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Жазуучулар союздары менен масштабдуу кызматташтык түзүлдү. Боордош элдердин жазуучулары менен акындары адабий иш-чараларга, форумдарга, конференцияларга активдүү катышууда. Ошол эле учурда дүйнөгө таанымал Кыргызстандын Эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раевдин катышуусунда көптөгөн адабий долбоорлор ийгиликтүү өтүүдө. Бул жагынан алгылыктуу чыгармаларга татыктуу салым кошуп келе жаткан Султан Раев чындыгында эле ѳзбек элинин жазуучусу деп эсептелинет. Анын өзбек тилинде жарык көргөн “Тандалган чыгармалар” аттуу китеби адабиятыбыздын казынасынан бекем орун алган”, – деди ал.
Анын айтымында, Султан Раевдин “Тандалган чыгармалары” аттуу китеби Өзбекстан Жазуучулар союзунун колдоосу менен жарык көргөн, ага жазуучунун “Топон” романы, “Күн тутулган күн” повести, беш пьесасы, онго жакын аңгемеси кирген. Чыгармаларды кыргыз тилинен эне тилибизге Ахмаджон Мелибоев, Зухриддин Исомиддинов, Жаббор Эшонкул, Авлиёхан Эшон, Дилфуза Каршибоева, Хилола Абдусаломова, Эркин Бойназаров, Абдугани Абдугафуров сыяктуу жазуучу-котормочулар которду.
Ошондой эле кыргыз жазуучусунун чыгармалары “Дүйнөлүк адабият”, “Жаштык”, “Чыгыш жылдызы”, “Хуррият” сыяктуу бир катар гезит-журналдарда жарык көргөн. Анын бир катар аңгемелери 2021-жылы өзбек тилинде жарык көргөн 100 томдук “Түрк адабиятынын шедеврлери” жыйнагына кирген.
Султан Раев өз сөзүндө Кыргызстандагы өзбектердин арасында чоңойгонун, ѳзбек тили ага эне сүтү менен келгендигин баса белгиледи. “Бүгүн президент Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен Өзбекстанда глобалдык өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Өзбекстандын жетишкен ийгиликтери бул өлкөдө болуп жаткан жаңылануу процесстеринин практикалык натыйжасы. Өзбекстан дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү менен атаандашууда. Улуу Амир Темурдун тушунда бул жер канчалык атак-даңкка бөлөнсө, Өзбекстан дагы да бийиктиктерге умтулууда. Мунун башында президент Шавкат Мирзиёевдин адабиятка, руханиятка, агартууга болгон көңүл буруусу жатат. Бүгүн мен үчүн бактылуу күн. Менин китебим Алишер Навои тилинде жарык көрдү. Менин жѳнѳкѳй эмгегимди жогору баалагандыгы учун чын дилден ыраазымын”, – деди Раев.

Бет ачардын соңунда белгилүү жазуучу адабият сүйүүчүлөрүнө кол тамгасы коюлган китептерин тартуулады.
Иш-чара Өзбекстандын Жазуучулар союзу тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү экинчи чоң алмаз табылды

Канададагы Lucara Diamond Corp. компаниясы рентген нурларынын жардамы менен Ботсванадагы Karowe кенинен салмагы 2492 карат болгон алмазды таап, казып алды. Бул табылган алмаз тарыхта казып алынган алмаздардын ичинен экинчиси болуп саналат. Эң чоңу 3106 караттык Cullinan алмазы. Ал 120 жыл мурда Түштүк Африкада табылганын Bloomberg жазды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн