«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкенттен биринчи үзгүлтүксүз каттам тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көлгө каттамды Өзбекстандын Silk Avia компаниясы ачты. Мындан ары Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча каттамдар шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
«Бүгүн Ташкенттен Ысык-Көлгө 50 жүргүнчү учуп келди. Учуу убактысы эки саатка созулат. Келечекте алардын санын күн сайын көбөйтүү, тагыраагы июль айынан баштап аталган каттамды күн сайын аткаруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.
ЕБ өлкөлөрү фон дер Ляйенди дайындоо боюнча макулдашууга жетишкен жок
Шей Июн 18 , 2024