Ташиев Тажикстанга учуп кетти

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстанга жумушчу сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу “Регион” телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жазды.

“Күн мурун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында кайрадан аткезчилик көбөйүп жатканын белгилеп, бул мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү күчөтүүнү талап кылган.

Чек ара маселеси чечилмейинче эч кандай чек ара тилкеси ачылбай турганын жана контрабандага жол берилбестигин эскерткен. Камчыбек Ташиевдин Тажикстанга жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча жолугушуулар өткөрүлөт”, – деп жазды Рахманов.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл Ысык-Көлгө 1,3 млн турист келди

Быйыл жай мезгилинде Ысык-Көл облусуна 1 миллион 300 миң турист келген. Бул тууралуу  Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, президенттин облустагы өкүлү Эмилбек Абдыкадыров облус аймагында жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн ээлери менен жолугушуп, жайкы туристтик сезондун жыйынтыгы талкууланды. Жыйында “Аймактагы туристтердин саны өсүп жатканы байкалууда, андыктан биз дагы кызмат көрсөтүүнү […]

Сизге жагышы мүмкүн