Ташиев Париж Олимпиадасына катыша турган спортчулар менен жолукту

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан чыга турган дзюдо, бокс, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча курама командалардын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, анда УКМК башчысы олимпиада оюндарына катышуучу спортчуларга ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде катышуучулар спорттук шаймандарды сатып алуу, спортчуларды жана машыктыруучуларды окуу-машыгуу жыйындарында жана мелдештер учурунда каржылык колдоо боюнча бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү.
Мындай жагдайда Ташиев 2024-жылкы Жайкы олимпиада оюндарына катышуучу улуттук курама командаларга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ал эми спортчулар тарабынан айтылган бардык суроолор тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан каралып, мындан аркы иштерде эске алынаары айтылды.
Олимпиада оюндарынын катышуучуларына мотивация жана материалдык колдоо иретинде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК төрагасы аларга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырып, кыргызстандык спортчулар жеңиштерге жетип, мекенине байгелүү медалдарды алып келээрине ишенимин билдирди.
Ошондой эле спортчулар менен болгон жолугушууда Ташиев бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында заманбап спорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана жаңы спорттук объектилерди куруу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады. «Анткени аймактын жашоочулары менен болгон жолугушуулар ар бир муниципалитет дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекске муктаж экенин көрсөттү», — деп баса белгиледи ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барат

Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат. “Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу” […]

Сизге жагышы мүмкүн