“Азыр айтып жатышпайбы, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш уланыш керек деп. Биз ОПГны ооздуктабайбыз, түп тамыры менен жок кылабыз”,- деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
“Мындан ары кылмыш дүйнөсү Кыргызстанда жашабашы керек. Эгер кайсы бир райондо кылмыштуу топтун мүчөлөрү калган болсо, ошол аймактын жетекчиси түздөн-түз жоопкер болот.
Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуулук болбойт”- деп билдирди ал.