Ташиев коркутуу катын таштап кеткен адам табылганын айтты

Автор

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземинде ага коркутуу катын таштап кеткен адам табылганын айтты
Ал адам видеокөзөмөл жана жүзүн таануу камераларынын аркасында адамды табышканы белгилүү болгон.
“Аны видео-камералардын жардамы менен аныктадык. Милиция кызматкерлери менен биздин кызматкерлер артынан жүрүп отуруп таап чыгышты. Ар бир баскан жерин мүнөтүнө чейин карап чыгышты”, — деген Камчыбек Ташиев кармалган адам ким экенин айткан жок.
Эскерте кетсек, буга чейин маалымат жыйынында Камчыбек Ташиев ага флешка жана коркутуу каты салынган пакет жиберилгенин билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Журналисттер «Орешник» ракетасынын калдыктарын изилдөөгө киришти

Чет элдик журналисттер Россиянын орто аралыктагы баллистикалык «Орешник» ракетасынын калдыктарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул ракета менен Днепропетровсктеги «Южмаш» заводуна сокку урулган. Ракетанын сыныктарын изилдөө иштери уланып жатканын Reuters агенттиги кабарлады. Макалада коопсуздук себептери боюнча журналисттерден объектинин жайгашкан жерин ачыктабоо өтүнүлгөнү айтылат. Азыркы учурда «Орешник» ракетасынын сыныктары атайын жайда сакталып, […]

Сизге жагышы мүмкүн