Ташиев бийликти басып алууга аракет кылгандар боюнча комментарий берди

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “7-каналга” маек куруп, жакында эле бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен кармалган адамдар тууралуу комментарий берди.
“Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип “кустарный метод” менен жасасак болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты баарынын артынан түшүп, видео байкоолорго жаздырып жүргөнбүз. Баары бышып жетилгенден кийин балдар кармап келишти. Алардын максаты: өткөндө жүз берген окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору бар эле. Жаман ишти кылаар замат, ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин ыргытып, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, “мына, биз эл тарапка өттүк”, — деп жарыялашмак. Ошентсе, “бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет”, -деген чолок акыл пландары болгон”, — деди ал,
5-июлда УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, беш адам кармалганын кабарлаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Килиан Мбаппенин Реал Мадриддеги бет ачары 16-июлда өтөт

Испаниялык клубдун сайтында 16-июлда чабуулчу Килиан Мбаппенин “Реалдын” оюнчусу катары бет ачары болору айтылды. Реал Мадрид француз футболчу менен беш жылдык келишимге кол койгонун 3-июнда жарыялаган. Чабуулчу Мадрид клубуна эркин агент катары өткөн. Бет ачар “Сантьяго Бернабеу” стадионунда өтөт. Ага чейин Реал Мадриддин президенти Флорентино Перестин катышуусунда клубдун базасында келишимге […]

Сизге жагышы мүмкүн