Ташиев базарлардагы шарттарды жакшыртуу зарылдыгын айтты

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев базар ээлерине ыраазычылык билдирип, “эми базарлардагы шарттарды жакшыртуу зарыл”,- деп айтты. Ал Чүй облусунун Москва районундагы өзгөчө кызматтын жаңыдан бүткөрүлгөн имаратын ачып жатып, “эми дагы бир тапшырма бар. Базарлардын ичиндеги контейнерлердин кожоюндары менен иш алып барабыз. 5 тен 10 го чейин контейнерлери бар адамдар бар. Контейнерлердин баасы аябай кымбат. 60 миңден 200 миң долларга чейин жетет. Байлар карапайым калкка кымбатка беришет. Ал эми карапайым соодагерлер пайда табабы же, таппайбы алардын иши жок. Эми ушул жагынан иш алып барабыз”,- деди УКМК төрагасы.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртеңден тарта Бишкектеги эки көчө бир тараптуу болот

Эртеңден тарта Бишкектеги Гоголь жана Сүйүмбаев көчөлөрү бир тараптуу болот. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аталган көчөлөргө бир тараптуу кыймыл жол белгилери орнотулуп, сызыктар түшүрүлүүдө. Бул өзгөртүүлөр жол тармагынын өтүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Белгилей кетсек, буга чейин маалымдалган 8 көчөдө бир тараптуу жана […]

Сизге жагышы мүмкүн