Ташиев аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө наам жана дипломдорду тапшырды

Автор

Бүгүн, 2-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын кесиптик кайра даярдоо курсунун жана Россия Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы аскердик наам жана дипломдор тапшырылды.
Бүтүрүүчүлөргө аскердик наам жана дипломдорду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды.
Маалым болгондой, өлкө коопсуздугун коргоо жаатында эмгектенген коопсуздук органдарын жыл сайын УКМКга караштуу А.Бакаев атындагы академияны, ошондой эле Россия Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларын ийгиликтүү аяктаган жаш кызматкерлер толуктап турат.

Аталган бүтүрүүчүлөр окуу аралыгында мамлекеттин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билим, жөндөмдөргө ээ болушту.

Мындан улам Камчыбек Ташиев жалпы бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аяктагандары менен менен куттуктап, алардын алган билими коюлган тапшырмаларды так жана таамай аткарууга, мамлекеттин коопсуздугун коргоодо жаш кызматкерлерди мекенди сүйүүгө жана ар дайым күчтүү жана тайманбас болууга чакырды.

Белгилей кетсек, коопсуздук багытындагы адистердин сапаттык даярдыгын жогорулатуу максатында, үстүбүздөгү жылдын 30-январында КР Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы – президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен УКМКнын генерал-лейтенанты А.Бакаев атындагы академиясы түзүлгөн

Бөлүшүү:
Next Post

Орбан тынчтыкка жетүүнү талкуулоо үчүн Киевге келди

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү үчүн Киевге келди. Венгрия өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Берталан Хаваши билдиргендей, жолугушуунун негизги темасы «тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү». «Виктор Орбан жана Владимир Зеленский ошондой эле венгер-украин эки тараптуу мамилелер боюнча учурдагы маселелерди талкуулашат»,-деп айтылат басма сөз катчысынын билдирүүсүндө. Бул Орбандын […]

Сизге жагышы мүмкүн