Татьяна Бакальчук өз фамилиясына өткөнүн жар салды

Автор

Wildberries маркетплейсинин негиздөөчүсү Татьяна Бакальчук Telegram-каналында өзүнүн Ким аталышындагы фамилиясын кайтарып алганын билдирди. Ошондой эле ал каналын «Татьяна Ким» деп өзгөрттү.
«Эң туура тандоо — ар дайым өзүң бойдон калуу. Силердин Татьяна (бүгүнкү күндөн тарта кайрадан) Ким»,-деп жазды ал.
23-июлда Владислав Бакальчук Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго барып, үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөр жана Wildberries компаниясын басып алууга аракеттер тууралуу айтып бергендиги белгилүү болду. Буга жооп иретинде анын аялы ажырашуу процессин баштап жатканын билдирди. 5-августта Wildberries Russ компаниясы менен биригүү процесси аяктаганын жарыялады.
18-сентябрда Wildberries кеңсесинин алдында ок атышуу болду. Натыйжада эки күзөтчү каза болуп, жети адам жаракат алды. Татьяна Ким жолдошун компанияны басып алууга аракет кылып жатат деп айыптады. Жолдошу Бакальчук бул айыптоолорду четке кагып, сүйлөшүүлөргө келгенде ага кол салуу болгонун айтты. Учурда Wildberries кеңсесиндеги ок атышуу боюнча 30 адам камакка алынган. Төрт берене боюнча айыптар Владислав Бакальчуктун өзүнө да тагылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Конор Макгрегор кайрадан беттешке чыгат

Эки салмак категориясы боюнча мурдагы Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) чемпиону Конор Макгрегор октагонго кайтууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу белгилүү мушкер бүгүн, 23-сентябрда жарыя кылгандыгын чет элдик спорттук басылмалар жазууда. Макгрегор “Мен 2025-жылы октагонго кайтып келем. Менин азыр жумушум – жөн гана спортзалда болуу, формада болуу болуп саналат. Мен бир […]

Сизге жагышы мүмкүн