Татьяна Бакальчук өзү үчүн асман тиреген имарат алды

Автор

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү, 49 жаштагы Татьяна Ким (Бакальчук) Москва-Ситиден асман тиреген имарат сатып алды.
Имараттын бийиктиги 75 кабат болуп, 398 метрди түзөт. Ошондой эле жер астында алты кабат каралган. Асман тиреген имарат курулуш баскычында сатылып алынган жана 2030-жылы бүткөрүлмөкчү. Бул жерде 17 миң кызматкер жайгаша алат. Имаратта Wildberries жана Russ компанияларынын биргелешкен башкы кеңсесин ачуу пландалууда.
Сатуу келишиминин баасы ачыкталган жок. Татьяна бул сатып алууну өзүнүн империясын өнүктүрүүдөгү “чоң кадам” деп атады.
Ишкер айымдын айтымында, “Багратион” көпүрөсүнүн жанындагы бизнес-борбор эң ыңгайлуу тандоо болгон. Анын жайгашкан жери компаниянын бизнесин кеңейтүү пландарына толугу менен шайкеш келет

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеш «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду

Бүгүн, 26-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «Манас» эпосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» бириктирилген мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору «Манас» эпосунун үчилтигин жана анын бардык бөлүктөрүн алып жүрүүчү, сейрек кездешүүчү искусствонун улантуучусу катары манасчы статусун бекемдөө, манасчылардын чыгармачылыгын, аткаруу чеберчилигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, жайылтуу жана мамлекет тараптан […]

Сизге жагышы мүмкүн