Тарыхта эң атактуу футболчулар аталды

Автор

Тарыхтагы эң атактуу футболчулардын рейтингин жарыялады. Ага 11 оюнчу киргендигин дүйнөлүк спорт басылмалары жазып чыкты.
GiveMeSport сайтынын маалыматына ылайык, тизме футболчунун дүйнөдөгү аудиториясына жана популярдуулугуна жараша түзүлдү. Анын карьерасында жана андан кийинки оюндун деңгээли, футболго тийгизген таасири да эске алынган.
Рейтингде биринчи орунду беш жолку “Алтын топтун” ээси, Сауд Аравиянын Аль-Наср жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду ээледи. Тизменин экинчиси аргентиналык чабуулчу Лионель Месси болду, ал америкалык Интер Майамиде ойнойт жана сегиз “Алтын топ” сыйлыгына ээ.
Алдыңкы үчтүктү Англия курамасынын жана «Манчестер Юнайтеддин» мурдагы жарым коргоочусу Дэвид Бекхэм толуктады.
Толук GiveMeSport рейтинги төмөнкүдөй көрүнөт:
1. Криштиану Роналду
2. Лионель Месси
3. Дэвид Бекхэм
4. Диего Марадона
5. Пеле
6. Роналду
7. Роналдиньо
8. Джордж Бест
9. Зинедин Зидан
10. Йохан Кройфф
11. Златан Ибрагимович
Эске сала кетсек, сентябрдын башында 39 жаштагы португалиялык футболчу карьерасындагы 900 гол чегинен ашкан. Буга чейин эч ким муну жасай алган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Олжобай Шакир пробация менен абактан бошотулду

Бүгүн, 8-октябрда журналист, жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин соту Жогорку сотто каралып, 3 жылдык пробация менен абактан бошотулду. Эске салсак, Олжобай Шакирди беш жылга абакка кесүү боюнча Аламүдүн райондук сотунун жана аны күчүндө калтырган Чүй облустук сотунун чечимине каршы 5-августта Жогорку сотко апелляциялык арыз берилген. 14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту […]

Сизге жагышы мүмкүн