Тарыхта биринчи: Масктын байлыгы 400 миллиард доллардан ашты

Автор

Америкалык ишкер Илон Масктын таза капиталы 50 миллиард долларга көбөйүп, 400 миллиард доллардан ашты.
Bloomberg миллиардерлер индексине ылайык SpaceX компаниясынын негиздөөчүсүнүн байлыгы азыр 439,2 миллиард долларды түзөт.
Bloomberg жазгандай, Илон Маск тарыхта байлыгы 400 миллиард доллардан ашкан биринчи адам болду.
Ишкердин байлыгы АКШда Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден кийин кескин көбөйдү. Аны активдүү колдогон Маск келечектеги республикачыл өкмөттүн курамына да кирди. Миллиардер Дональд Трампка шайлоодо жеңишке жетүүгө жардам берүү үчүн 250 миллион доллар акча сарптаган.

Бөлүшүү:
Next Post

1-январдан тарта коррупцияга байланышкан мыйзамдар катаалдашат

2025-2026-жылдары Кыргызстанда коррупция болуп көрбөгөндөй минималдашаарын, 1-январдан баштап катуу иш алып барылаарын жана коррупцияга байланышкан мыйзамдар катаалдашаарын УКМК төрагасы парламенттеги жыйында билдирди. “Эгер коррупцияга кимдер аралашкан болсо, анын чиниңе, кызматына, статусуна жана ээлеген ордуна карабай жазалайбыз. Ал мыйзамдан коркушу керек. Биз кылмыштуу топ менен күрөшөбүз дедик беле? Күрөштүк, аларды жок […]

Сизге жагышы мүмкүн