Англиялык футболдук клуб тарыхта биринчи жолу “Стэмфорд Бридж” стадионунда ооз ачуу өткөрдү. Орозо кармаган мусулмандардын башын бириктирүү максатында футбол клубу тарабынан уюштурулганын «Челсинин» басма сөз кызматы билдирди.
Футболчулар бул иш-чараны мусулмандардын бирикмеси «Рамазан чатыры» долбоору менен бирге өткөрүштү.
“Биз жашоонун бардык катмарларынан көптөгөн колдоочулары бар чоң коомчулукпуз жана биз ар бир күйөрманды сыйлап, урматтап, кубанычын бөлүшкүбүз келет. Бул сүйүүгө, кошулууга, коомчулукка жана “Челсинин” күйөрманы болгусу келгендердин баарына “ооба” деп айтуу. Ачык ифтар уюштурган биринчи Премьер-Лига клубу болуу абдан маанилүү жана биз муну менен сыймыктанабыз» ,- билдиришкен.