Кийинки жумада америкалык SpaceX компаниясы алгачкы жолу тарыхта туристтерди ачык космоско жөнөтөт. Учуруу 26-августта Флоридада ишке ашырылып, үч пландалган учуулардын биринчиси болот.
Миссияны америкалык миллиардер Жаред Айзекман жетектейт. Аны менен бирге АКШнын Аба күчтөрүнүн мурдагы учкучу Скотт Потит, SpaceX кызматкерлери Анна Мэнон жана Сара Гиллис уча турганы белгиленди.
Космоско саякат 5 күнгө созулат. Ачык космоско атайын скафандрларды колдонуу менен чыгуу учуунун үчүнчү күнүндө, Жерден 700 чакырым бийиктикте ишке ашат.
Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Кыргызстанга келет
Шар Авг 21 , 2024