Тарыхтагы кызыктуу фактылар

Автор

Англиянын экс-премьер министри Борис Жонсон Осмон империясынын акыркы ички иштер министри Али Кемалдин небереси. Али Кемал адабиятчы, журналист, башкы редактор жана империянын ички иштер министрлигин 2 жолу аркалаган.

1918-жылы Европа өлкөлөрү Түркияга кол салганда “Улуттук боштондук кыймылынын” лидери Мустафа Кемалга каршылыгын билдирип, Англиянын колдоочусу катары өзү чыгарган гезитте “Европаны эч ким жеңалган эмес, силер жеңмек белеңер” деген таризде макалаларды жазган.

1922-жылы Түркия алгач Грецияны, андан кийин Францияны, Англияны жана Россияны кууп чыгып, курчоодо калган аймактарын бошотууга жетишкен. Бирок, Али Кемал Англиядагы үй-бүлөсүнө качып кетүүгө үлгүрбөй камакка алынган. Аны Анкарага алып баратканда Измит шаарынын эли ур токмокко алып, өлтүрүп коюшкан.

Али Кемал Осмон империясы кулаган 1915-жылдары Республикачыл кыймылдын лидерлеринен качып,  Англияга баш калкалаган. Ал жерде Уинифред Брун атындагы англис кызына үйлөнүп, андан Борис Жонсондун атасы дүнүйөгө келген. Али Кемал үй-бүлөсүн таштап, кайра Түркияга кайтканда дагы үй-бүлө күтүнгөн. Андан Зеки Кунералп ысымында уулдуу болот. Зеки Кунералп жаңы Түркиянын Испания, Англия жана Франциядагы элчиси болгон. Ал дипломатиялык кызматты өмүрүнүн соңуна чейин аркалаган. Зеки Кунералптын википедиясында биртууганы деген графада Уилфред Джонсон деп жазылып турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Нурланбек КАЙРЫЕВ:  “Сен эмнеге маа кечигип жолуктуң, көңүлүмө күз түшүрүп алганда”

ЖАШТЫК МЕНЕН ЖОЛУГУУ   Желбиретип жалындаган жаштыкты, Желаргыдай жазда көңүл сергиткен. Көөдөй түнгө Күн бергендей жарыкты, Жан дүйнөмө жайнап кирип келдиң сен.   Жаштыгыңа кол жетпеген суктанам, Маңдайынан бакыт нуру төгүлгөн. Кыялдары жаш баладай чуркаган, Жаштыгымды көрүп турдум өзүңдөн.   Жүрөгүңдү куйкалабай жалынга, Көрө элексиң мен тагдырдан көргөндү. Сүйүү да […]

Сизге жагышы мүмкүн