“Таранчы” каймана аты менен таанымал УКТ мүчөсү кармалды

Автор

«Таранчы» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аэропортунда маркум К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Таранчы” каймана аты менен белгилүү Н.Н.К. кармалды.
«Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөндүгү аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда Н.Н.К.га карата опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. КР УКМК аталган Н.Н.К.нын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды УКМК нөөмөт кызматына кайрылуусун өтүнөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Трампты гольф ойноого чакырды

АКШнын президенти Жо Байден АКШнын мурдагы лидери Дональд Трампты гольф ойноого чакырды. Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасына жазды. Саясатчы анын сунушу дагы деле күчүндө экенин белгиледи. Ал ошондой эле Трампка жүрүш берем деп убада кылды. АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрына белгиленген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн