Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызмат учурунда каза болгондо бериле турган кенемтени кайрадан карап чыгууну тапшырды. Мындай маалыматты президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. “Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй – бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди”,- деп айтылат маалыматта.