Талас шаарында жаңы аэропорт ачылды

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Талас шаарындагы аэропортту ачты.
Мамлекет башчысы шаардын тургундары жана меймандарынын алдында сөз сүйлөп, “Талас” аэропортунун ачылышы Кыргызстандын тарыхында жаңы баракты ачып жатканын белгиледи.
Өлкөнүн региондорундагы аэропорттордун иши узак жылдар бою үзгүлтүккө учураган бойдон турган, өкмөт “Манас” эл аралык аэропорту менен биргелешип, токтоп турган учак майдандарынын ишин жандандыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрдү. Таластагы аэропорт бул иштин алгачкы маанилүү натыйжасы болуп отурат.
Садыр Жапаров өлкөнүн министрлер кабинетинин жана “Манас” эл аралык аэропортунун биргелешкен аракети менен “Талас” аэропортун реконструкциялоо долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды. Бир жылдын ичинде эл аралык ченемдерге ылайык аэродромду калыбына келтирүүгө жетишти. Саатына 100 кишини өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар жаңы аэровокзал жана модернизацияланган учуу-конуу тилкеси – жаңыланган аэропорт комплексинин негизги элементтери болуп калды.
Мамлекет башчысы “Талас” аэропорту жөн гана инфраструктуралык жетишкендик эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүүгө болгон умтулуусунун белгиси экенин белгиледи. Бул кадам өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүктүн бекемделишине, элдин жакындашуусуна өбөлгө түзөт, экономиканы, ишкерликти жана туризмди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ошондой эле коңшу өлкөлөр менен алака-катышыбызды чыңдоого жардам берет.
Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров Таластагы жаңы аэропорт жөн эле жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу ыңгайлуу пункт эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы байланыштарды өнүктүрүүчү аянтча болушун каалап кетти.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Олимпиада оюндарына качкындар курамасы катышат

Эл аралык Олимпиада комитети 11 өлкөдөн 36 спортчуга 2024-жылы Парижде өтө турган оюндарга качкындар командасынын курамында катышууга уруксат берди. Спорттук комитет билдиргендей 36 спортчу Париждин ареналарында спорттун 12 олимпиадалык түрү боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Алар учурда планетада жашап жаткан 100 миллион качкындын атынан ат салышат. Команданын курамы Эл аралык Олимпиада […]

Сизге жагышы мүмкүн