Талас шаарынын борборуна Айкөл Манастын эстелиги орнотулат. Талас шаардык мэриясынан белгилешкендей, Манастын эстелигинин ачылышы 21-март — Нооруз майрамына белгиленген. Эстеликтин бийийтиги 12 метрди түзөт.
Учурда тийиштүү техникалар ишке тартылып, эстеликтин постаментин даярдоо иштери кызуу жүрүп жатат.
Эстеликтин авторлору КР Эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов.