Талас шаарына  Манастын айкели орнотулду

Автор

Талас облусунун борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Айкелдин ачылышы Нооруз майрамынын алкагында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты.

Майрамдык салтанатта Улуттук “Манас” театрынын атайын концерттик программасы тартууланды.

Аталган эстеликтин көчүрмөсү 2017- жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарына, дагы бир үлгүсү борбор калаа Анкара шаарына тургузулган. Эстеликтин бийиктиги 12 метрди түзөт (өзү 6 м, постаменти менен 12м). Авторлору КРнын эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 22-мартка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 40 тыйындан  болсо, сатуу  88  сом 30 тыйынга чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 42 тыйын  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн