“Суусамыр-Талас-Тараз автожолу он беш жылдан бери башталып, же, бүтпөйт. Билесиңер, Суусамырдан Таласка келгичекти он жылдан ашык убакыт болду. Жылда аз аздан жасап коюп, ал дагы бузулуп отуруп, Таласка араң жеттик”,- деди УКМК төрагасы Талас облусуна болгон иш сапары учурунда облустун жетекчилери менен жолугушуп жатып.
“Президент бизге тапшырма койду. Эми эки жылдын ичинде Талас-Тараз жолун бүтүрүшүбүз керек. Азыр долбоорду даярдаган Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакында жумуш башталат. Бул жол да он жылга узабай, 2025-2026-жылдары бүтүш керек”,- деди ал Талас шаарынын жетекчилерине кайрылып жатып. Ал Таласка катуу көңүл бурулаарын айтты.