2023-жылдын 11 айында Талас облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 250.1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен, бюджеттер аралык трансферттер:
– теңдөөчү трансферт – 176.7 млн сом;
– ыйгарым укуктарды берүүгө – 13.9 млн сом;
– электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1.6 млн сом;
– жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 29.6 млн сом;
– бирдиктүү салык – 28.3 млн сом;
Мындан тышкары, Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнө – 5.2 млн сом бөлүндү.