Талас облусунда 845 млн 849,5 миң сомдук «Э.А.Х» ЖЧКсы айдоочулар мектебине таандык болгон 5,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Эми бул жерге мэрия ээлик кылат.
«Тактап айтканда, Талас шаарынын мэриясынын кызмат адамдары «А.Т.» автотранспорт ишканасы акционердик коомунун администрациясы менен сүйлөшүп алып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Э.А.Х» ЖЧКсына жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз каттап беришкен», — деп билдирди УКМК.
Маалым болгондой, жер саясатчы Равшан Жээнбековдун тааныштарына берилгени аныкталган.