Таласта 402,6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Автор

Таласта 402,6 млн сомдук жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө “Талас айыл көмөк” мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Талас шаарынын базарынын аймагындагы 1,9 га аянттагы жер участокторун жеке менчикке бергендиги аныкталды.
Мындан улам Талас облусунун прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 402,6 млн сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.
Учурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу иштери уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Карнавалдын биринчи күнүндө 90 киши камалды

Лондон полициясы Ноттинг-Хилл районунда өткөн Кариб карнавалдын биринчи күнүндө 90 адамды кармаганын билдирди. Полициянын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө айтылгандай, карнавалдын биринчи күнүндө 15 полиция кызматкери жабыркаган. “Азыркы учурда токсон адам кармалды”,-деп айтылат полициянын билдирүүсүндө. Кармалгандардын көпчүлүгү же 18 учур, кооптуу курал сактагандыгы үчүн айыпталган. Өзгөчө кырдаалдар кызматкерлерине кол салгандыгы үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн