Таласта 100 миң доллар пара берип жаткан ишкерлер кармалды

Автор

Таласта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине 50 миң доллардан пара берип жаткан эки ишкер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «П.А.Т.» ЖЧК ээлери М.В.И. жана Э.Д.Н. УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар берүүнү макулдашкан.
Тактап айтканда, тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүрүп жаткан системалуу иштердин алкагында, КР мыйзамдарын бузуу менен кендерди иштетүүгө лицензияларды мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу иштеп келген коррупциялык схема аныкталган.
Буга чейин аталган факты боюнча УКМК тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон.
2024-жылдын 23-августунда «П.А.Т.» ЖЧК ээлери М.В.И. жана Е.Д.Н. аталган кылмыш ишин токтотуу үчүн макулдашылган 100 миң долларын 50 миң долларын УКМК кызматкерине берүү учурунда кармалды.
Кармалгандар Талас шаардык сотунун чечими менен эки айлык мөөнөткө Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган мындан аркы ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 180 мектеп курулуп жатат

Кыргызстанда учурда 180 мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Биринчи радиодо билдирди. Анын айтымында, 157 мектеп мамлекеттик бюджеттин, бири жергиликтүү казынанын ал эми 20дай мектеп ар кандай долбоор жана гранттардын эсебинен курулууда. 1-сентябрга карата 40 билим берүү объектиси ачылат, анын 23ү мектеп, […]

Сизге жагышы мүмкүн