Таласта төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө

Автор

Талас облусунда төө буурчактын жаңы сорту өстүрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун фермерлери негизинен төө буурчак (фасоль) өстүрүү менен алектенишет, бирок акыркы отуз жылдан бери селекция жана үрөнчүлүктүн жоктугунан сортту жаңылоо иштери жүргүзүлбөй, түшүмдүүлүк жана продукциянын сапаты төмөндөп кеткен.
“Бул көйгөйдү чечүү үчүн министрлик Германиялык өнөктөш менен биргеликте 7 тонна көлөмүндөгү, супер элита репродукциядагы “хельда” аттуу жаңы келечектүү төө буурчак сортун алып келүүнү уюштурган. Жаңы үрөн үрөнчүлүк, фермердик чарбалардын жерлеринде жана Бакай-Ата сорт сыноо тилкесинде себилген. Жаңы сорттун күтүлүп жаткан орточо түшүмдүүлүгү болжол менен гектарына 3 тоннаны түзөт, бул Талас облусунун фермерлери өстүрүп жаткан жергиликтүү сорттүрлөрүнөн эки, үч эсе жогору”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгенлей, жаңы сортту өндүрүшкө киргизүү менен Таластын фермерлери түшүмдүүлүктү кыйла көбөйтүүгө жетишет, ал өз кезегинде өндүрүш менен киреше көбөйтөт, туруктуу экспортко чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, ошондой эле жакынкы жылдарда үрөн фондун жаңыртууга шарт түзүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эми окуучулар өздөрү окуган классты жууп-тазалашабы?

Эми мектеп окуучулары өздөрү окуган класстардын, парталардын тазалыгына өздөрү көз салып, жууп-тазалашат. Тиешелүү буйрук чыкканын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Кендирбаева мекеменин Фейсбуктагы баракчасында билдиргендей, бул балдарды тазалыкка жана жоопкерчиликке тарбиялайт. Окуучулардын өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө жана жашаган жерине жоопкерчиликтүү мамилеге жасоого багыттоо үчүн кабыл алынган. “Бул жерде […]

Сизге жагышы мүмкүн