Таласта мөндүр жаап, эгин талаасына зыян келтирди

Автор

Бакай-Ата районунда кечээ мөндүр аралаш жамгыр жааган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи май айылдарында болжол менен 50 гектар эгин талааларына зыян келтирилген.
Ошондой эле Боо-Терек айылында каттуу шамал болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский Украинанын бириккен күчтөрүнүн командачысын кызматтан алды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бириккен күчтөрүнүн командачысы Юрий Содолду отставкага кетирди. Бул тууралуу Украинанын мамлекет башчысы элге жасаган кайрылуусунда жарыялады. «Мен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бириккен күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Юрий Содолду бригадалык генерал Андрей Гнатов менен алмаштыруу чечимин кабыл алдым»,-деди президент. Юрий Содоль 2014-жылдан бери Украинанын чыгышында согушуп […]

Сизге жагышы мүмкүн