Бакчиев Талантаалы Алымбекович “Манас” улуттук академиясы” мамлекеттик мекемесинин президенти кызматынан бошотулду.
Тиешелүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Манасчы, “Манас” эпосун изилдөөчү, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти болуп 2021-жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин академияны коомдук ишмер, маркум Топчубек Тургуналиев жетектеп келген.