Такер Карлсон Зеленский менен маек кураарын жарыялады

Автор

Бул жылы Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөн америкалык белгилүү журналист Такер Карлсон эми Украинанын президенти Владимир Зеленский менен маек кураарын айтты. “Бизде Зеленский менен интервью бар. Буга эки жылдан бери аракет кылып жатабыз, өзгөчө февралда Путин менен болгон маектен кийин катуу аракет кылдык. Максат – америкалыктарга өлкөсүнүн дүйнөдөгү абалын толук өзгөрткөн кагылышуу тууралуу өтө зарыл маалыматтарды жеткирүү. Жакында, биз үмүттөнөбүз,”-деп жазылган Карлсондун X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда кесиптик лицейлерге кабыл алуу 15-июлда башталат

Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылына башталгыч кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алуу 2024-жылдын 15-июлунда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кесиптик лицейлерге кабыл алуу бул сайтка катталуу аркылуу жүргүзүлөт. Кесиптик лицейлерде бюджеттик негизде окуу үчүн 2024-2025-окуу жылында биринчи курска Кыргызстандын 16,5 миң жаранын кабыл алуу пландаштырылган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн