Тайфундан көз жумгандардын саны 200дөн ашты

Автор

Жорджия жана Түндүк Каролина штаттарынын бийликтери “Хелен” тайфунунан көз жумгандардын саны жаңырганын кабарлады. АКШдагы жалпы курмандыктардын саны 200дөн ашты. “Хелен” 2005-жылы АКШны каптаган “Катрина” тайфунунан бери эң көп адам өмүрүн алган табигый кырсык болду. Жүздөгөн адамдар азыркыга чейин дайынсыз. 750 миңден ашуун үй жарыксыз калды. Жолдор жабылып, жабыркаган аймактарга жардам жеткирүүгө тоскоолдук жаралууда.
Мексика булуңунда пайда болгон “Хелен” тайфуну 26-сентябрда АКШга жеткен. Ылдамдыгы саатына 255 чакырымды түзгөн шамал 34 миллиард доллар чыгым келтирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Диего Марадонанын сөөгү мавзолейге коюлат

Аргентина курама командасынын легендарлуу чабуулчусу Диего Марадонанын сөөгүн коюу үчүн өлкөнүн борбору Буэнос-Айресте атайын күмбөз курулат. Бул тууралуу аргентиналык Clarin басылмасы жар салды. Маалыматка ылайык, курулуш болжол менен 2025-жылы Пуэрто-Мадеронун метрополитан аймагында курулат. Маалым болгондой, сот Марадонанын сөөгү коюлган Сан-Мигель муниципалитетиндеги Белла Виста көрүстөнүнөн президенттик сарайга жакын жайгашуусу пландалып жаткан […]

Сизге жагышы мүмкүн