Тайванда 13-январда эртең менен президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн шайлоо участкалары ачылды.
«Тайванда шайлоо участкалары Москва убактысы боюнча 16.00гө чейин иштейт. Жабылгандан кийин бюллетендерди кол менен саноо башталат, электрондук, сырттан же мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө жол берилбейт. Жеңүүчү болуп эң көп добуш алган талапкер табылат, экинчи тур жок»,-деп билдирет TeleTrader.com сайты. Кытай Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептегендиктен шайлоого кылдат көз салууда. АКШ жана Батыш мамлекеттери Тайвань менен Кытай Эл Республикасынын бийликтеринин ортосундагы мамилелерди туруксуздаштырууга аракет кылышты.