Тайбокс (муай-тай) боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, чемпионат 10-12-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категориялары боюнча күч сынашат:
9-10 жаш: 25, 27, 29, 31, 33, 35, 37, 39, +39 кг:
11-12 жаш: 35, 37, 39, 42, 45, 48, 51, 54, +54 кг:
13-14 жаш: 39, 42, 45, 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, +63.5 кг:
15-16 жаш: 45, 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, +67кг:
17-18 жаш: 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, +71 кг:
Чоңдор арасында: 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 81, 86, 91 кг:
Кыздар арасында: 48, 51, 54, 57, 60, 63, +63 кг.