Тазабек Икрамов мандатынан ажырады

Автор

Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутат тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү Тазабек Икрамов мандатынан ажырады. Мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына өзү арыз жазган. БШК 19-июлдагы жыйынында Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты.

17-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганы тууралуу кабарланган. Бирок, кайсы иш боюнча экени маалымдала элек. Депутаттын өзү менен да байланышуу азырынча мүмкүн боло элек.

Тазабек Икрамов 2021-жылы өткөн шайлоодо бир мандаттуу Сузак округунан шайланып келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактар менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы сел жүргөн аймактардагы абал менен таанышты. Жеринде Камчыбек Ташиев тик учак менен Ош облусунун жана Ош шаарынын сел каптаган аймактарындагы абалды көрүп чыкты. Ал өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош […]

Сизге жагышы мүмкүн