Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Бүгүн кийиктерибиз көп эле жүрөт”

Автор

“Элди укпайм, өзүм билгендей жашайм дебешибиз керек. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзам менен жашаган жакшы. Кыргыз илгертен эле айтып койгон “эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксин деп. Бүгүн кийиктерибиз көп эле жүрөт”,- деп билдирди депутат Тазабек Икрамов.
Ал туунун өзгөрүшү жөнүндө пикирин билдирип жатып, “мурдагылар башмыйзамды оңдой беришчү эле. Эми болсо, улуттук символикаларды алмаштырып, жаман адат баштап алдык”,- деди.
Тазабек Икрамов оппозициядагы депутат катары белгилүү. Ал Кемпир-Абад маселесине, Адахан Мадумаровдун соттолушуна жана туунун өзгөрүшүнө каршы добуш берген саясатчылардын катарына кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Бишкек менен Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет. […]

Сизге жагышы мүмкүн