Британ королу Чарльз III тажы тагуу салтанатына байланыштуу иш-чараларга кеткен чыгымдар 50-100 миллион фунт стерлинг же 63-125 миллион долларга бааланган.
1953-жылы Елизавета IIнин таажы кийүү салтанатына Британиянын казынасынан 50 миллион фунт стерлингге, 1937-жылы Георгий VIныкына 24,8 миллион фунт стерлинг кеткен.
Карл IIIтүн тажы кийүү аземи бүгүн, 6-майда өтөт. Ага 2 миңге жакын коноктор келет. Майрамдык иш-чаралар дүйшөмбүнү кошкондо үч күнгө созулат.