Тажикстан менен Россия миграция маселесин талкуулайт

Автор

КМШга мүчө-мамлекеттердин миграциялык органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынында Россия менен Тажикстандын миграциялык ведомстволору эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Иш-чара 28-майда Дүйшөмбү шаарында өтөт.
Жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү да катышат. 29-апрелде Тажикстан тажик жарандарынын укуктарынын бузулушуна байланыштуу Россияга нааразылык билдирген. 9-майда Москвада Россия менен Тажикстандын президенттери жолугушту. Эмомали Рахмон Владимир Путин менен болгон маегинде мигранттар темасын өтө сезимтал деп атады. Ал ошондой Москванын жанындагы Крокус Сити Холлдо болгон теракт Тажикстандын беделине чоң зыян келтиргенин айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү 25-майда белгиленет

Мындан ары Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү 25-майда белгиленет. Бул датаны БУУнун Башкы ассамблеясы жарыялады. Маалыматка ылайык, 25-май Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү катары тандалган, анткени 2024-жылы ушул датадан бери бардык аймактардын өкүлдөрү катышкан биринчи эл аралык футбол турниринин өткөнүнө 100 жыл толот. Бул мелдеш 1924-жылы Парижде өткөн Олимпиадада өткөн. Буга чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн